Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
2017-жылдын 10-февралы № 7/2
АРИС уюмуна жөнөтүлүп жаткан микродолбоордук сунушту бекитип берүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги II - сессиясынын күн тартибиндеги ар турдуу маселенин 7/2- маселеси болгон АРИС уюмуна жөнөтүлүп жаткан микродолбоордук сунушту бекитип берүү жөнүндө А.Сатыбалдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги II - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. АРИС уюмуна жөнөтүлүп жаткан микродолбоордук сунуш катары Ак-Жол айылынын борборуна 50 орундуу бала бакча куруу долбоору жактырылсын.
2. Бул Ак-Жол айылынын борборуна 50 орундуу бала бакча куруу боюнча микродолбоору конкурстан жактырылса ,өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн каражатынан акча каражаты бөлүнүп берилээри белгиленсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын топтоп АРИС уюмуна тапшыруу жагы А.Сатыбалдиевке милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Батыралиев |