Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2017-жылдын 17-майы № 4
Ак-Жол айыл аймагынын аймагындагы жалпы билим берүүчү, негизги жана башталгыч мектептерде шашке чайын берүүнүн абалы, М.Сыдыков жана А.Жуманазаров мектептерин жетектеген жетекчилердин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси Ак-Жол айыл аймагынын аймагындагы жалпы билим берүүчү, негизги жана башталгыч мектептерде шашке чайын берүүнүн абалы, М.Сыдыков жана А.Жуманазаров мектептерин жетектеген жетекчилердин жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Билим берүү социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн аймагындагы М.Сыдыков атындагы жалпы билим берүүчү, А.Мырзабеков атындагы негизги мектебинде шашке чайын берүүнүн абалы жана мектептин тазалыктары жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин.
2. Айыл Окмотунун аймагындагы О.Ташкулов атындагы жалпы билим берүүчүү мектебинде холодильниктин бузук болушу ,идиш-аяктардын жетишсиздиги , тамак ичуучу жайдын сыздыгы мектеп жетекчилигинин кемчилиги катары баалансын.
3. М.Сыдыков мектебинин жетекчиси К.Камбаровдун жыл ичинде жүргүзгөн иши “үлгүлүү” деп баалансы н жана А.Жуманазаров мектебинин жетекчиси Ж.Алимбекованын жыл ичинде жүргүзгөн иши “Канааттандырарлык” деп баалансын.
Төрага | Т.Батыралиев |