Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2017-жылдын 17-майы № 5
Аскердик каттоо жана жарандарга паспорт берүүдөгү айыл Өкмөт кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселеси Аскердик каттоо жана жарандарга паспорт берүүдөгү айыл Өкмөт кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин мыйзамдуулук ,укук тартибин сактоо,депутаттык этика , мандат, регламент, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Куттубаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Аскерге каттоо жана элге паспорт берүүдөгү Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн кызматкерлеринин жана 50-33/3 Жаңы-Жол паспорт, виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштери учур талабына туура келээрлиги белгиленсин.
2. Калк арасындагы сын-пикирлерди эске алуу менен мындан ары альтернативалык кызматтагы уландардын колуна тиешелүү документтерин өз убагында бүткөрүп берүү жагы ВУС кызматкери Айталиев Максатка милдеттендирилсин .
Төрага | Т.Батыралиев |