Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2017-жылдын 17-майы №7/1
Шынаа, Кара-Тыт айылдарынын айыл башчыларынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III - сессиясынын күн тартибиндеги 7/1- маселеси боюнча Шынаа айылынын айыл башчысы А.Мырзагуловдун жана Кара-Тыт айылынын айыл башчысы С.Асаналиевдин жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Шынаа айылынын айыл башчысы Н Сабитбековдун жыл ичинде жүргүзгөн иштери, эл менен иш алып баруусу канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Кара-Тыт айылынын айыл башчысы С.Асаналиевдин жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы канааттандыралык деп табылсын.
Төрага | Т.Батыралиев |