Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2017-жылдын 17-майы № 7/2
Шынаа айылындагы спорт залга Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III - сессиясынын күн тартибиндеги 7/2- маселеси Шынаа айылындагы спорт залга Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, спорт чебери Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтин ысымын Шынаа айылындагы жаны курулган спорт комплекске ыйгаруу боюнча кайрылган Шынаа айылынын тургундарынын кайрылуусу негиздүү деп табылсын.
2. Спорт комплекстин мындан ары иштешине, келечек муундарды татыктуу тарбиялоо үчүн спорттук секцияларды уюштуруп ,атайын штаттык бирдиктерди ачууга жардам көрсөтүү жагы Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичтен суралсын.
Төрага | Т.Батыралиев |