Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз III-сессиясы
2017-жылдын 17-майы № 7/8
Жол-Бакан, Көк-Кыя , Кара-Тыт маселелери боюнча Тегене , Шынаа айылдарынын айыл тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III - сессиясынын күн тартибиндеги 7/8- маселеси Жол-Бакан, Көк-Кыя маселелери боюнча Тегене , Шынаа айылдарынын айыл тургундарынын кайрылуусу боюнчаАк-Жол айыл Окмотунун салык инспектору Н Мырзатаевдин билдирүүсүн угуп, 3-декабрь 2014-жылдагы Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимине негиз Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Кыргызмамжердолбоорлоо” инсититутуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициянын адистери тарабынан даярдалган Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер пайдалануусунун долбоорлоо план картасын бекиткен Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги ХII – сессиясын жетекчиликке алып Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги III - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун “Ош облусунун Жаңы-Жол районунда Ак-Жол селолук советин түзүү жөнүндөгү” 1968-жылдын 25 –ноябрындагы № 421- VII указынын негизинде Ак-Жол айыл округунун картасын сызып берүүнү милдеттендирген Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 3-декабрь 2014-жылдагы чечимине таянып мындан ары жалпы талашка түшүп жүргөн Жол-Бакан, Көк-Кыя , Кара-Тыт участкалары Ак-Жол айыл Өкмөтүнө таандык деп таанылсын .
2. Аты аталган участкалардагы мал жайыты боюнча болуп келген тирешүүлөрдү жөнгө салуу , талоонго түшүп жаткан токой аянттарын көзөмөлдөөнү колго алуу жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Тиешелуу иш кагаздарын тактап берүү жагы Аксы райондук каттоо жана жерге жайгаштыруу бөлүмүнөн суралсын.
Төрага | Т.Батыралиев |