Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-сентябры № 1
Ак-Жол айыл аймагында кен байлыктардын казылып алынышы андан түшкөн салык, жыйымдар жана экологиялык абалдын сакталышы жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси Ак-Жол айыл аймагында кен байлыктардын казылып алынышы андан түшкөн салык, жыйымдар жана экологиялык абалдын сакталышы жөнүндө Айыл чарба,жаратылышты коргоо ,экология , өнөр жай ,транспорт , байланыш, ишкердик иш, электр энергия ,маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, депутат И.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ак-Жол айыл аймагында кен казып жаткан ишканалардын бүгүнкү күндө мамлекеттик салыктарды соц.пакетти жана келишимдин негизинде айыл Өкмөтүнүн тургундарына жардам берип жаткан бирден бир ишкана ОсОО “Тегене ” экендиги белгиленсин. Ошону менен бирге бул ишкананын жетекчилигине айылдык Кенештин атынан жана айыл Өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдирилсин.
2. ОсОО “Север КG” , ОсОО “ Майн Карп” жана ОсОО “А.С.А Люкс” ишканаларынын жетекчилигине айыл өкмөтүнө төлөй турган төлөмдөрдү жана мамлекеттик салыктарды тез аранын ичинде кутулуу жагы билдирилсин.
3. Айыл өкмөттүн аймагында мыйзамсыз көмүр казып жаткан жеке атуулдар менен үзгүлтүксүз иш алып баруу , түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Батыралиев |