Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы
2017-жылдын 26-сентябры № 2
Ак-Жол айыл Өкмөтунун вет.адиси Т.Суеркулов жана соц.адис А.Сатыбалдиевдин жүргүзгөн иштери жана калкка көрсөтүп жаткан кызматы жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси Ак-Жол айыл Өкмөтунун вет.адиси Т.Суеркулов жана соц.адис А.Сатыбалдиевдин жүргүзгөн иштери жана калкка көрсөтүп жаткан кызматы жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, депутаттык этика, мандат, регламент , жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, депутат У.Куттубаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн вет.адиси Т.Суеркуловдун жүргүзүп жаткан иштери , калкка көрсөтүп жаткан кызматы канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн соц.адиси А.Сатыбалдиевдин жүргүзүп жаткан иштери , калкка көрсөтүп жаткан кызматы жакшы экендиги белгиленсин.
3. Төрт түлүк малды идентификациялоодо кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы Т.Суеркуловго эскертилсин.
4. Ак-Жол айыл аймагындагы калкка берилип жаткан жардамдар өз деңгээлинде экендиги белгиленсин.
Төрага | Т.Батыралиев |