Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы
2017-жылдын 26-сентябры № 3
Ак-Жол айыл аймагындагы ФАПтардын жана М.Эсенгелдиев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун элди тейлөөдөгү абалы, жүргүзгөн иштери жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси Ак-Жол айыл аймагындагы ФАПтардын жана М.Эсенгелдиев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун элди тейлөөдөгү абалы, жүргүзгөн иштери жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Билим берүү социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Ак-Жол айыл аймагындагы ФАПтардын жана М.Эсенгелдиев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун элди тейлөөдөгү абалы, жүргүзгөн иштери , калкка көрсөтүп жаткан кызматы канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. №10 ҮДТ , жана бардык ФАПтардын кышка карата даярдыгын бүткөрүүдө кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы А.Чоноровага милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Батыралиев |