Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы
2017-жылдын 26-сентябры № 6/3
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн “Типтүү келишимди” бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын күн тартибиндеги 6/3- маселеси Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн “Типтүү келишимди” бекитүү жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Ажыматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги IV - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча тузулгон “Типтүү келишими” бекитилсин.
2. Бюджеттик жол-жоболорго ылайык , ЖПБ/ ЖК жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдү жергиликтүү бюджеттин кирешесинин ,14152200 “Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөм” киреше элементинин эсебине киргилисин.
3. Бул келишимдин аткарылышын колго алуу жагы Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловко жана Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевке милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Батыралиев |