Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
2017-жылдын 21-ноябры № 2
Ак-Жол айыл Өкмөтүндөгү кары-картандар ,майыптар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жаткан жардамдар жөнүндө Ак-Жол айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү,негизги , башталгыч мектептердеги жана жалпы эле соц.объектилердеги кышка карата даярдыктын абалы жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги V - сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселесинин А жана Б пунктары боюнча Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Билим берүү социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевдин жана Ак-жол айыл Өкмөтүнүн соц.адиси А.Сатыбалдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги V - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Ак-Жол айыл аймагындагы кары-картандар , майыптар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип жаткан жардамдар өзүнүн денгээлинде экендиги белгиленип, айыл Өкмөтүнүн башчысынын бул багытта жүргүзүп жаткан иштери алгылыктуу деп табылсын.
2. Ак-Жол айыл аймагындагы жалпы билим беруучу,негизги , башталгыч мектептердеги жана жалпы эле соц.объектилердеги кышка карата даярдыктары жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин .
Төрага | Т.Батыралиев |