Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
2017-жылдын 21-ноябры № 3
Айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук уюмдардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII -чакырылышынын кезектеги V - сессиясынын кун тартибиндеги үчүнчү маселеси болгон Айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук уюмдардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, депутаттык этика, мандат, регламент , жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун , кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Куттубаевдин билдирүүсү угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги V - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы Жаштар уюмунун төрагасы Туратбек уулу Бакбергендин жүргүзгөн иштери канааттандыралык экендиги белгиленсин.
2. Жаштар арасында диний агымдар, ИГИЛ маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Жаштар уюмунун төрагасы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
3. Аксакалдар Кеңеши , Аксакалдар соту, аялдар Кеңешинин жүргүзгөн иштери учур талабына ылайык экендииг белгиленип, айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштерине абдан чоң колдоо болуп жаткандыгы баса белгиленсин.
Төрага | Т.Батыралиев |