Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
2017-жылдын 21-ноябры № 7/1
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-2019-2020-жылдарга карата кирешелердин долбоорун бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги V - сессиясынын күн тартибиндеги 7/1 маселеси Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-2019-2020-жылдарга карата кирешелердин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл Өкмөтүнүн салык кызматкери Н.Мырзатаевдин жана айылдык Кеңештин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезектеги V - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-2019-2020-жылдарга карата кирешелердин долбоорунда көрсөтүлгөн кээ бир элементтерине өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-2019-2020-жылдарга көрсөтүлгөн киреше бөлүгүндөгү “ Кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден алынуучу салык” 14152600 элементи 35,0 (отуз беш) миң сомго, “Айыл чарба багытындагы эмес жерлерден алынуучу салык” 11312300 элементи 73,2 (жетимиш үч миң эки жүз) сомго, атайын каражат эсебин 336,0 (үч жүз отуз алты миң) сомго,ал эми 555,8 (беш жүз элүү беш миң сегиз жүз) миң сомду “айыл четиндеги жайыттардын ижарасы үчүн акы” 15142300 элементинин планына киргизилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл Өкмөтүнүн салыкчысы Н.Мырзатаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э.Эшалиевге жуктөлсүн.
Төрага | Т.Батыралиев |