Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
2017-жылдын 21-ноябры № 7/3
“Күү атасы Ныязалы Борош уулунун айкелин орнотуу жөнүндө”
Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII -чакырылышынын кезектеги V - сессиясынын күн тартибиндеги 7/3 маселеси болгон “Күү атасы Ныязалы Борош уулунун айкелин орнотуу жөнүндөгү уюштуруу комитетинин жана демилгечи топтун сунуштарын карап Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн турак-жай,айыл чарба жер аянттарын жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу Ч.Сейитбековдун билдирүүсүн угуп жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги V - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Уюштуруу комитетинин жана демилгечи топтун сунуштарынын негизинде “Күү атасы” Ныязалы Борош уулунун айкелин Ак-Жол айылынын аймагына орнотуу демилгеси жактырылсын.
2. Ныязалы Борош уулунун айкелин орнотуу үчүн жер аянты “Тогуз жолдун тоому” аталган Ак-Жол-Кербен, Ак-Жол-Таш-Көмүр, Таш-Көмүр-Кербен авто жолунун кесилишинен бөлүнүп берилсин.
Төрага | Т.Батыралиев |