Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
2017-жылдын 21-ноябры № 7/4
“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнөн 14.11.2017-жылы 01-12/719 номери менен келген катын кароо жөнүндө”
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы С.Ажыматовдун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош,Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнүн жазма буйругунда көрсөтүлгөн катачылыктар үчүн айыл Өкмөтүнүн материалдык бухгалтери Т.Нурманбетовго эскертүү берилсин.
2. 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына карата жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында чыккан инвентаризация учурунда аныкталган 29,0 миң сомдук ашыкча материалдык баалуулуктар баланска алынсын.
3. Ак-Жол Жайыт пайдалануучулар бирикмесинде бухгалтердик эсептер жана финансылык отчеттор Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик учет жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы №231 токтому менен бекитилген Инструкциясына негиз жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э.Эшалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Батыралиев |