Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2017-жылдын 25-июлу № 9
«Масы Карабулак ичүүчү суу менен камсыздоочу ишкана жөнүндө»
Кун тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги V II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы Карабулак ичүүчү суу менен камсыздоочу ишканасы айыл аймакта жайгашкан мекеме ишканалар менен ичимдик сууну пайдалангандыгы үчүн 1 айлык мөөнөттө келишим түзүшсүн.
2. Масы айыл аймагындагы бардык жарандар ичимдик сууну пайланагандыгы үчүн белгиленген тарифтеги акча каражатын төлөгө милдеттендирилсин.
3. Масы Карабулак ичүүчү суу менен камсыздоочу ишканасынын 2017-жылдын 6 айындагы аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
4. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Шайымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |