Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 25-августу № 2
«Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун кайрылуусун кароо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө 26.01.2015-жылдын № 26-мыйзамынын 12-1- пунктуна ылайык жана Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун төрагасы Д.Бекжановдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун төрагасы Д.Бекжановдун кайрылуусу эске алысын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамына 20.000 (жыйырма миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |