Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 25-августу № 3
«Масы айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы № 613а контурдагы 1,87 га сугат айдоо жер тилкесин Ноокен айыл өкмөтүнүн тургундарына көрүстөнгө берүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы № 613 контурдагы Н.Пазылжановдун үлүш жери 0,68 га, Т.Досматованын үлүш жери 0,68 га,Н.Батированын үлүш жери 0,51 га жалпы 1,87 га сугат айдоо жер тилкесин Ноокен айыл өкмөтүнүн тургундарына көрүстөнгө берүү боюнча жер тилкесин трансформациядан өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Масы айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча жетектөөчү адис К.Маматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | А.Нарматов |