Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 25-августу № 4
«Масы айылынын тургуну Мансуров Маткалыктын арызын кароо жөнүндө»
Масы айылдык кеңешинин депутаты С.Исраиловдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык кеңешинин депутаты С.Исраиловдун сунушу эске алынсын.
2. Масы айылынын тургуну Мансуров Маткалыктын үй-бүлөөлүк абалы оор, аялы экөө тең мыйып жана алардын үйү авариялык абалда жашоого мүмкүнчүлүк болбогондугун эске алып Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен 30000 (отуз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
Төрага | А.Нарматов |