Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 25-августу № 5
«Ылдамдыкты төмөндөтүүчү тосмо орнотуу жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын К.Султанов көчөсүндөгү Масы айылкурулуш ишканасынын, Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын, № 2 С.Ногоева атындагы орто мектебинин, №3 Р.Алибаев атындагы орто мектебинин, №19 Бахор балдар бакчасынын, С.Шерматов көчөсүнө К.Нурбаев көчөсү менен кесилишкен жерге, С.Шерматов көчөсүндөгү “Кенч” кафесинин алдына жана Ноокен аймактык ооруканасынын жанына талапка жооп берген ылдамдыкты төмөндөтүүчү тосмо (лежачий полицейский) жана анын белгилери менен орнотулсун.
2. Ылдамдыкты төмөндөтүүчү тосмо (лежачий полицейский) жана анын белгилери менен орнотуу ДЭП-51 ишканасынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |