Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 25-августу № 8
«Масы айылына «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду тарабынан курулган батирлерге жарандарды жайгаштыруунун тартибин бекитүү жөнүндө»
Масы айыл өкмөтүнүн администрациясынын 2017-жылдын 24.08. № 01-35/689- сандуу катынын негизинде “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун оозеки талабы боюнча, Масы айылынын К.Султанов көчөсүнө курулган 5 батирлүү үйгө убактылуу жашай турган жашоочуларды кабыл алуу талаптары боюнча Масы айылын өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылын өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Масы айылына курулган убактылуу жашай турган жашоочуларды кабыл алуу талаптары төмөндөгүдөй бекитилсин.
-Күйөөсү өлгөн, балдары жаш туруктуу жашаганы үйү жок, тийиштүү
документтерден көчүрмө.
-Жашоо шарты өтө оор.
-Рай мамкаттоодон турак жайы жана кыймылсыз мүлк
катталбагандыгы жөнүндө тактама.
-Үй-бүлөлүк шарты жөнүндө айыл башчыдан жана ошол айылдан шайланган депутаттан акт жана сунуш.
-Эгерде майып болсо медициналык корутундусунан көчүрмө.
-Арыз.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |