Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 25-августу № 9
«Масы айылындагы жарандардын үлүш жерлерине жана мыйзамсыз эгилген бак дарактарды кыюу жөнүндө»
Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын VIII
сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылындагы жарандардын үлүш жерлерине жана мыйзамсыз эгилген бак дарактарды кыюуга уруксат берилсин.
2. Кесилген бак-дарактар Масы айыл аймагындагы балдар-бакчаларына берилсин.
3. Кесилген бак-дарактардын кыйылуу тартиби экология боюнча мамлекеттик башкармалыгы менен макулдашылсын.
4. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Масы айылдык кенешинин муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Төрага | А.Нарматов |