Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 25-августу № 12
«Ноокен районунун борбордук стадионун капиталдык ремонттоо жөнүндө долбоорун кароо»
Кун тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Ноокен районунун борбордук стадионун капиталдык ремонттоо долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Долбоорго акча каражатын бөлүү үчүн Ноокен райондук Өнүктүрүү фондусунун комиссиясына тийиштүү документтер Масы айыл өкмөтүнүн администрациясы тарабынан тапшырылсын.
3. Долбоорду ишке ашыруу максатында Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым үчүн 4000000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Нарматов |