Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 25-августу № 5
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИС аркылуу алына турган атайын техниканын өздүк салымын каржылоо жөнүндө
Масы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИС аркылуу сатылып алынуучу атайын техникага (эксковатор погрузчик) өздүк салымын каржылап берүү боюнча сунушун талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун (АРИС) «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2» долбоору аркылуу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдлануучулар бирикмесине сатып алына турган атайын техникасынын өздүк салымы болгон 1 132 788 (бир миллион бир жүз отуз эки миң жети жүз сексен сегиз) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына милдеттендирилсин.
2. Сатып алынуучу техниканын жалпы суммасынын 4 531 150 (төрт миллион беш жүз отуз бир миң бир жүз элүү) сомдун 75% дык өлчөмү 3 398 362 (үч миллион үч жүз токсон сегиз миң үч жүз алтымыш эки) сом акча каражатын каржылап берүү жагы Коомчулукту Өнүктүрүү жана Инвестициялоо Агенствосунан (АРИС) суралсын.
3. Өздүк салым катары каржылануучу каражатты мыйзам чегинде каржылап берүү Масы айыл өкмөтүнө жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
Төрага | А.Нарматов |