Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 03-ноябры № 7
«Масы айылдык кеңешинин айыл чарба, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармактары боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун кароо жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык кеңешинин айыл чарба, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармактары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Мамытовдун сунушу эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча жетектөөчү адис К.Маматов функционалдык милдеттерин өз деңгээлинде аткарбагандыгы белгиленсин.
3. Масы айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча жетектөөчү адис К.Маматовду ээлеген кызмат ордунан убактылуу бошотуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
4. Масы айылдык кеңешинин айыл чарба, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармактары боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди 1 айлык мөөнөттө кызматтык териштирүү жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Нарматов |