Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги ХХIV -сессиясы
2017-жылдын 10-февралы № 24/4
«Ар тʏрдʏʏ маселелер (жайыт комитетинин торагасы К.Карабаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө) »
Жоош айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин торагасы К.Карабаевдин билдирʏʏсʏн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХХIV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин 2017-жылга тʏзʏлгон бюджети 302,0 мин сом олчомʏндо бекитилсин.
2. 2017-жылы Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарда мал, кой-эчкилерди багуу үчүн шарттуу 1 баш кара малга 120 сом, жаш малга 84 сом, жылкыга 120 сомдон, 1 баш кой-эчкиге 24 сомдон жайыт акы төлөө жагы белгиленсин.
3. 2017-жыл ичинде элдин жеке менчик кара малдарын жана кой-эчкилерин багуу үчүн малчы-койчуларга төлөнүүчү акы 1 баш кара малга 400 сомдон, 1 баш кой-эчкиге 80 сомдон төлөө жагы бекитилсин.
4. Жоош айыл окмотунун алдындагы жайыт комитетинин 2017-жылга тузулгон бюджетинин чыгаша болугун бекитуу Жоош айылдык кенешинин кезексиз сессиясында кароого калтырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо жана мыйзамдуулук, мандат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын
Төрага | К.Бердикулов |