Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышы) кезектеги 15-сессиясы
2018-жылдын 27-июну № 15/60
Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык башкармалыгынын 2017-жылга жүргүзгөн иштери жана 2018-жылдын түшүмү үчүн жүргүзүлүп жаткан жазгы талаа иштеринин абалы тууралуу жана аймактык башкармалыктын аймагындагы СПАлардын (АВП) жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018–жылдын 27–мартындагы №9 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарына караштуу «Караван» аймактык башкармалыгынын 2017–жылда жүргүзгөн иштери жана 2018–жылдын түшүмү үчүн жүргүзүлүп жаткан жазгы–талаа иштеринин абалы тууралуу жана аймактык башкармалыктын аймагындагы СПАлардын (АВП) жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө аймактык башкармалыгынын башчысы Н.Кыпчаковдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарына караштуу «Караван» аймактык башкармалыгынын башчысы Н.Кыпчаковго милдеттендирилсин:
«Караван» аймактык башкармалыгы тарабынан 2018–жылдын түшүмү үчүн жүргүзүлүп жаткан жазгы–талаа иштеринде, дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууда орун алган кемчиликтерди четтетүү боюнча тез арада тийиштүү чараларды көрүү жагы;
айыл чарба эгиндеринин, өсүмдүктөрүнүн 2018–жылга белгиленген түшүмдөрүн өндүрүү үчүн дыйкандарды техника, күйүүчү-майлоочу материалдар, сугат суу, минералдык жана органикалык жер семирткичтер менен өз убагында камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы;
кайра бөлүштүрүү жер фондусун пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, ижара акылардын толук жана өз убагында түшүүсүн камсыз кылуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү жагы.
«Караван» аймактык башкармалыгындагы «Ак-Булак Дыйкан», «Беш-Баатыр» суу пайдалануучулар ассоциациясынын аткаруучу директорлору А.Кудайбердиевге, Б.Айтановго милдеттендирилсин:
элдердин тамаркаларын жана үлүш жерлерин сугат суу менен камсыз кылууну жакшыртуу жана сугат сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча бардык чараларды көрүү жагы;
эл арасында сугат сууну жеткирип берүү боюнча кызмат акыга төлөнүүчү төлөмдөрдү өз убагында төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бул төлөмдөрдү толук чогултууну камсыз кылуу, өздүк каражаттын жана инвестиция тартуунун эсебинен жыл сайын сугат суу келүүчү магистралдык каналдардын начар жерлерин реконструкциялоо иштерин жүргүзүү жагы;
3. Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына сугат сууну жеткирип берүү боюнча кызмат акыга төлөнүүчү төлөмдөрдү жана кредиттик каражаттарды келишимдерде белгиленген мөөнөттөрдө өз убагында, толук суммада төлөп берүүнү камсыз кылуу жагы;
суу пайдалануучулар ассоциациясынын карамагындагы суу фондунун жерлерин тактоо жана ал жерлерге мамлекеттик акты алуу боюнча иштерди аягына чыгаруу жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |