Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышы) кезектеги 15-сессиясы
2018-жылдын 27-июну № 15/61
Кызыл-Кыя шаарынын Башкы планын даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер жана шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу, шаардагы курулушу бүтпөгөн, ташталган жана кароосуз калган имараттарды, жерлерди аныктоо (инвентаризациялоо) жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017–жылдын 17–августундагы №490 токтомуна негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018–жылдын 14–июнундагы №20 протоколу менен маселени сессияга сунуштоо боюнча кабыл алынган чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын Башкы планын даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер жана шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу, шаардагы курулушу бүтпөгөн, ташталган жана кароосуз калган имараттарды, жерлерди аныктоо (инвентаризациялоо) жөнүндө Кызыл–Кыя шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын адиси Максытали уулу Бекболоттун жана шаардын муниципалдык менчик департаментини директору А.Эрматовдун маалыматтары эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын Башкы планын даярдоо боюнча иштердин жетишсиз жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевге милдеттендирилсин:
4. Кызыл-Кыя шаарынын Башкы планын даярдоо боюнча иштерди мындан ары «Архклуб» жоопкерчилиги чектелген коому менен улантуу же токтотуу маселесин чечүү жагы;
шаардын жана шаарга караштуу Караван, Ак–Булак айылдарынын Башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча кардар катары чыгып, аларды иштеп чыгууга республикалык бюджеттен акча каражатын бөлдүрүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жана шаардын Башкы планын 6 айлык мөөнөттө бүтүртүү, аны даярдоонун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды шаардык кеңешке ар 2 айда берүү жагы.
Кызыл–Кыя шаарынын шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы, шаардын башкы архитектору А.Мурзатовго милдеттендирилсин:
шаардын Башкы планын сапаттуу даярдалышын камсыз кылуу максатында, иштеп чыгылып жаткан долбоорго шаардын бүгүнкү күндөгү жана келечекте өсүүсүн эске алуу менен тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду шаардык кеңештин макулдугу менен киргизүү жагы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги аркылуу Кызыл–Кыя шаарынын жана шаарга караштуу Караван, Ак–Булак айылдарынын Башкы пландарын иштеп чыгууга зарыл болгон акча каражатын республикалык бюджеттен бөлдүрүү иштерин колго алуу жагы.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |