Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышы) кезектеги 15-сессиясы
2018-жылдын 27-июну № 15/62
Кызыл-Кыя шаарындагы санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча аткарылып жаткан иштер, шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу, жолдорун оңдоп түзөө жана автопарковкалардын абалы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018–жылдын 14–июнундагы № 20 протоколунун чечимин эске алып, шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу, жолдорун оңдоп түзөтүүнү жана автопарковкаларды пайдаланууну жакшыртуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча аткарылып жаткан иштер, шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу, жолдорун оңдоп түзөө жана автопарковкалардын абалы жөнүндө шаардын муниципалдык менчик департаментинин директору А.Эрматовдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык муниципалдык менчик департаментине (А.Эрматов) милдеттендирилсин:
Шаардын 120 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча түзүлгөн иш чаралардын толук аткарылышын камсыз кылуу жагы;
шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу жана жолдорун оңдоп түзөө багытында алып барып жаткан иштеринде орун алган кемчилдиктерди тез арада жоюу боюнча тийиштүү чараларды көрүү жагы;
шаардын аймагында автопарковкаларды уюштуруу, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын аймагында техникалык коопсуздуктун сакталышын камсыз кылуу максатында, автопарковкалар боюнча 1 айлык мөөнөттө өзүнчө жобо иштеп чыгуу, ал жобону шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна берүү жагы;
шаардын көчөлөрүнө жарытуу үчүн орнотулган жарытуучу чырактарды 1 айлык мөөнөттө аныктап чыгуу жана жетишпегендерин толуктоо боюнча иштерди жүргүзүү жагы;калк жашап жаткан жана жаңы конуштардын көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча иштерди алып баруу жагы.
3. Кызыл–Кыя шаарына караштуу “Караван” аймактык башкармалыгына (Н.Кыпчаков) милдеттендирилсин:
долбоор менен дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын жана жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылануучу каражаттардын эсебинен айылдардын көчөлөрүнө шагыл төшөө иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуу жагы;
аймактык башкармалыктын аймагында жана Кызыл–Кыя–Караван жолунун боюнда отургузулган декоративдик жана башка дарактардын көктөшүнө камкордук көрүү, сакталышын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы;
аймактык башкармалыктын аймагындагы жаңы конуштарды суу, электр энергиясы менен камсыз кылуу, жолдорунун абалын жакшыртуу багытында иштерди жүргүзүү жагы;
аймактык башкармалыктын аймагындагы айылдардын көчөлөрүн түнкү жарык менен жыл сайын этап этабы менен жарытуу боюнча көп жылдык программа иштеп чыгуу жана жыл сайын анын аткарылышын камсыз кылуу жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |