Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышы) кезектеги 15-сессиясы
2018-жылдын 27-июну № 15/63
Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин суу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин 2018–жылдын 24–майындагы №94 “2018-жылга сууга жана сыркынды сууга болгон тарифти бекитип берүү жөнүндө” катын карап, маселени шаардык кеңештин сессиясына сунуштоо боюнча шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча комиссиясынын 2018–жылдын 29–майындагы №39 чечимин жана Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы (ЕБРР) тарабынан коюлган талаптарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү жана сугат сууга тарифтери шаардык кеңештин 2015–жылдын 11–февралындагы №27/96 токтому менен бекитилген тарифтерден 20%га жогорулатылган тарифтери (өнөр жай жана коммерциялык ишканалар үчүн тарифтерден тышкары) тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынан (ЕБРР) алынган насыялык каражаттарды келишимге негиз кайтарууну камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү жана сугат сууга шаардык кеңештин ушул токтому менен жогорулатылган тарифтери менен кошумча түшкөн акча каражаттары шаардын жергиликтүү бюджетине которулсун, бул акча каражаттары банктан алынган насыяны төлөөгө жумшалсын
3. Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү жана сугат сууга шаардык кеңештин ушул токтому менен жогорулатылган тарифтери менен кошумча түшкөн акча каражаттарынын шаардын жергиликтүү бюджетине которулушун көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевге милдеттендирилсин.
4. Кызыл-Кыя шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын калкын таза ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылууну жакшыртуу, шаардын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин рентабелдүүлүгүн жогорулатуу менен аны кирешелүү, өзүн өзү толук каржылоого өткөрүүгө көмөктөшүү максатында, мекеменин дебитордук, кредитордук карыздарына, кирешелерине жана чыгашаларына мониторинг жүргүзүп, финансы–экономикалык абалын жакшыртууга сунуштарды берүү үчүн шаардык кеңештин депутаттык жумушчу комиссиясын түзүү шаардык кеңештин төрайымы У.Дариповага тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча жана ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |
«Макулдашылды» «Бекитемин»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кызыл-Кыя шаардык
караштуу монополияга каршы кеңешинин төрайымы
мамлекеттик агенттигинин Баткен _________________У.Дарипова
облустук бөлүмү
________________ Э. К. Мажитов
«____»____________20___г. «____»____________20___г.
№
| Кызматтын түрү | Суу | Канализация |
сом | сом | ||
1 | Көчөдөгү колонкадан пайдаланууда суткасына 35 литр ченеминде 1 киши х 35 литр х 30 күн – 1,05 м3 х 8,22 сом/м3 | 8,63 | - |
2 | Короо ичиндеги колонкадан пайдаланууда суткасына 60 литр ченеминде 1 кишиге х 60 литр. х 30 күн - 1,8 м3 х 8,22 сом/м3 | 14,80 | - |
3 | Ваннасы жок ичүүчү сууну жана канализацияны пайдаланууга суткасына 100 литр х 30 күн – 3 м³ х8,22 сом/м3 | 24,66 | 16,95 |
4 | Ичүүчү суусу жана канализациясы, жылытуучу колонкалары менен суткасына 170 литр х 30 күн = 5,1 м3 х 8,22 сом/м3 | 41,93 | 28,82 |
5 | Ичүүчү суусу жана канализациясы, ваннасы менен ыссык суу менен камсыз болгондорго суткасына 210 литр х 30 күн=6,3 м3х8,22 сом/м3 | 51,79 | 35,60 |
6 | Жашыл бак-дарактарды суугарууга 1м² х 15л. х 90 күн : 12 ай. = 0,12м³ х8,89 | 1,07 | - |
7 | Калкка 1 м3 | 8,22 | 5,65 |
8 | Коммуналдык жана бюджеттик мекемелерге1 м3 | 27,49 | 15,84 |
9 | Коммерциялык жана өнөр жай ишканаларына 1 м3
| 56,65 | 49,43 |
«Кызыл-Кыя Сууканал»
МИ жетекчиси: А.А.Сатыбалдыев
«Кызыл-Кыя Сууканал»
МИ башкы эсепчиси: Т.К.Турдубаева