Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-июлу № 96
Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди пайдалануу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт комитетинин торагасы И.Абдрахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин торагасы И.Абдрахмановдун жайыт боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндөгү билдирүүсү көнүлгө алынсын.
2. Жайыттарды туура пайдалануу, тиешелүү жумуштарды аткаруу, долбоорлор менен иштөө, жайыт акыларын өз убагында жыйноо жана өз кезегинде пайдалануу жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
3. Жайыт комитетинин атайын техникасын элдердин муктаждыктарына пайдалануу акысы бир саатына 2 (эки) мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Пирматов |