Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2018-жылдын 30-июлу № 98
Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянттарын ижарага берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айылынын Орто-Сай участогундагы 800 ч м жер аянты 7 (жети) жылга, Базар участогундагы 60 ч м, жер аянты 5 (беш) жылга ижарага берилсин.
2. Тиешелүү келишимдерди түзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | А.Пирматов |