Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2018-жылдын 30-июлу № 99
Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерлерди пайдалануу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Самаркандек айылынын Базар участогундагы 0,05 га жер аянтына автоунаа ондоочу жана тейлөөчү жай куруу үчүн, Паскы-Арык айылындагы “Алтын-Казык” балдар бакчасынын тундук жагына тигуучу цех куруу үчүн 0,03 га жер аянттарын аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | А.Пирматов |