Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июлу № 65
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн 6-ай ичинде аткарган иштери жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн 6-ай ичинде аткарган иштери жөнүндө депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кетирген кемчиликтерин жоюу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ы.Касымовго жүктөлсүн.
Төрага | М.Соорбаев |