Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы
2018-жылдын 16-июлу № 67
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ийри-Сай участкасына асфальт завод куруу үчүн 4,6 га жайыт жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ийри-Сай участкасына асфальт завод куруу үчүн 4,6 га жайыт жер аянтын трансформациялоо максатында депутаттар арасында кенири талкуу жүрүп Төрт-Гүл айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ийри-Сай участкасына асфальт завод куруу үчүн 4,6 га жайыт жер аянты толук такталбагандыгына байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
2. Суралган жер аянтын тактап аныктап келүү жагы жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Ы.Касымовго жүктөлсүн.
Төрага | М.Соорбаев |