Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы
2018-жылдын 16-июлу № 69
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Өтөк айылынан 1,5 га жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Өтөк айылына сел ара куруу жана Ак-Турпак чек ара постун жылдыруу үчүн 1,5 га жер аянтын трансформациялоо максатында Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Өтөк айылынан 1,5 га айыл чарба багытындагы суулуу жер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Керектүү документти даярдап берүү жагы Баткен райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан жана Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге тапшырылсын.
Төрага | М.Соорбаев |