Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы
2018-жылдын 16-июлу № 70
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Өтөк айылындагы ижарачылардын 2018-жылга карата ижара акысын жоюу жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Өтөк айылындагы Кайра Бөлүштүрүү Фондунун суулуу жер аянттарын 2 жолу сел басып түшүм алууга мумкүнчүлүк болбогондугуна байланыштуу Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Өтөк айылына катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел басып түшүм алууга мүмкүнчүлүк болбой калгандыгына байланыштуу КБФнын ижарага берилген 5,3 га суулуу жер аянтынын ижарага түзүлгөн 125700 (бир жүз жыйырма беш миң жети жүз) сом акча каражаты 2018-жылдын ижара акысынан жоюлсун.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн ижара акысын 2018-жылдын эсебинен жоюп берүү жагы Баткен райондук салык башкармалыгынан суралсын..
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге тапшырылсын.
Төрага | М.Соорбаев |