Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-марты № 1
Кара-Коюн айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын №1 №2 үрөөн сактоочу кампаны капиталдык ремонттон өткөрүүгө сунуштоо жөнүндө
Кара-Коюн айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын №1 №2 үрөөн сактоочу кампаны капиталдык ремонттон өткөрүүгө карата АРИС аркылуу мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун 4-чү грантына сунуштоо тууралуу талкуулап чыгып, айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын №1, №2 үрөөн сактоочу кампаны капиталдык ремонттон өткөрүү АРИС аркылуу мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун 4-чү грантынын конкурстук проектисине сунушталсын.
2. АРИС аркылуу мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун 4-чү грантынын конкурстук проектисине Кара-Коюн айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын №1, №2 үрөөн сактоочу кампаны капиталдык ремонттон өткөрүүгө карата иш-кагаздарын бүтүрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Качкыналиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Төрага | Ш.Апысов |