Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-марты № 2
Кара-Коюн айыл аймагынын Кара-Булун айылынын «Чет-Келтебек» участогунан таза суу линиясынын долбооруна кошумча маселелерди сунуштоо жөнүндө
Кара-Коюн айыл аймагынын Кара-Булун айылынын «Чет-Келтебек» участогунан тартылып жаткан таза суу линиясынын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкуулап чыгып, айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл аймагынын Кара-Булун айылына «Чет-Келтебек» участогунан тартылып жаткан таза линиясына мурунку долбоорго өзгөртүү киргизилип «Чон-Кайырма» каналынын асты менен Кызыл-Туу айылынан келген кара жолдун кесилишине тартуу жагына өзгөртүлүп, долбоорго өзгөртүү киргизүү жагы сунушталсын.
2. Кызыл-Туу айылынан келген «кара жол» менен «Чон-Кайырма» каналынын кесилишине Айылдын климатына жана элдин жашоо шартына ылайык мурунку долбоорго, суу топтоочу мунаранын ордуна жер алдына резервуар куруу жагына өзгөртүлүп, долбоорго өзгөртүү киргизүү жагы сунушталсын.
3. Резервуар куру үчүн Кызыл-Туу айылынан келген «кара жол» менен «Чоң-Кайырма» каналынын кесилиши контр №1832 0,3га, контр№1833 0,2га жер үлүшү, резервуар, хлорлоочу жай, кароолчунун үйүн куру үчүн, жерди тактоо жана трансформациялоо жагы Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясына сунушталсын.
4.Таза суу долбоорунун АПУсун бүтүрүү жагы Ат-Башы райондук архитектура бөлүмүнө сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Төрага | Ш.Апысов |