Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-апрели № 1
Айыл аймагында малдын тарифин, көчүү-конуунун убактысын, жазгы айдап- себүүнүн, оруп-жыюнун баасын бекитүү жөнүндө
Айыл аймагында малдын тарифин, көчүү-конуунун убактысын, жазгы айдап- себүүнүн, оруп-жыюнун баасын бекитүү тууралуу карап, талкуулап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Туу айылы боюнча;
-Бел-Кара-Суу жайлоолоруна жайлаган малчылар 30сом, Арпа, Ак-Сайга жайлаган малчылар 35сомдон багышсын, жайыт акы төлөө малдын ээсинен алынсын.
-Уй баласына 150сомдон, букага 200сом болуп бекитилсин, жайыт акы мал ээсинен алынсын.
- Ички жайыттан жайлоого кетүүнүн убактысы 1-июнга чейин, ал эми күзүндө келүү 1-октябрь.
-1-майга чейин ички жайыттарга малдар кетирилсин,
-бада 1-майдан баштап уюштурулсун.
-Эрте түшкөн Бодо малдын ээлерине биринчи эскертүү берилсин, андан кийин 3күн мөөнөт берилсин, кайра жеткирбесе мал башына 500сомдон айып пул салынсын.
- Кочкорчу Ботоштун башына калтырылсын, баасы 100сом болуп бекитилсин, бөтөн малды кору жагы милдеттендирилсин. +зү менен 10уй, 1үйүр жылкы алып калганга уруксат берилсин.
2.Чөптү чабуунун 1гасы-1000сом, 1га жерди айдоо 800сом, дыщ жерди айдоо 1000сом, 1га жерди тырмоо 500сом, себүү 500сом болуп бекитилсин
3 .Кара-Булущ айылы боюнча төмөндөгү тарифтер үч жылга бекитилсин.
-Жайында жайлаган малчылар 35сом, кышкысын 40сомдон багышсын, жайыт акы төлөө малдын ээсинен алынсын.
-Уй баласына 200сом болуп бекитилсин, жайыт акы мал ээсинен алынсын.
- Ички жайыттан жайлоого кетүүнүн убактысы 1-июнга чейин, ал эми күзүндө келүү 1-октябрь.
-1-майга чейин ички жайыттарга малдар кетирилсин,
-бада 1-майдан баштап уюштурулсун.
-Эрте түшкөн Бодо малдын ээлерине биринчи эскертүү берилсин, андан кийин 3күн мөөнөт берилсин, кайра жеткирбесе мал башына 500сомдон айып пул салынсын.
2. Чөптү чабуунун 1гасы-1000сом, 1га жерди айдоо 800сом, дыщ жерди айдоо 1000сом, 1га жерди тырмоо 500сом, себүү 500сом болуп бекитилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Төрага | Ш.Апысов |