Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-февралы № 15/1
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2017-2022-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык планына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2 пункутуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2017-2022-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык планында көрсөтүлгөн,инвестициялык долбоорлор белгиленген бөлүгүндөгү 29-пунктуна, Толман айылындагы спорттук залды реконструкциялоо эмес "куруу" деп жана жалпы сметалык баасын "8 404 946 сом",сырткы инвестиция суммасын "3 000 000 сом",ички инвестиция суммасын "5 404 946 сом" деп толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы,айылдык Кеңешинин "Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк" боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |