Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы № 7/1
Ак-Муз калктуу конушунун чек арасын тактоо жана бекитүү жөнүндө
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 04.04.2017-жылдагы № 63-б буйругунун жана Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.04.2017-жылдагы № 31 буйруктарынын негизинде “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Ак-Муз айыл өкмөтүнүн калктуу конушунун чек араларын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Ак-Муз айыл аймагынын калктуу конушу 355, 2 гектарды түзүп, калктуу конушунун чек аралар баяндамасына ылайык тактоодо жазылган сызык боюнча жалпы 355,2 гектар жер аянты бекитилсин.
2. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Ак-Муз айыл аймагынын калктуу конушунун жалпы жер аянтын аныктоо жана чек араларын тактоо жумуштары боюнча 25.04.2017-жылдагы жер участкасын жеринде изилдөө Актысы бекитилсин.
3. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер жана турак жай, жаратылышты коргоо, жол, энергетика боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |