Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 30-ноябры № 10/42
Жайыт жерлерин жайыт пайдалануучулардын бирикмесине өткөрүп берүү типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлерин жайыт пайдалануучулардын бирикмесине өткөрүп берүү типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы Ж. Аскаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлерин жайыт пайдалануучулардын бирикмесине өткөрүп берүү типтүү келишими бекитилсин(тиркеме тиркелет)
2. Жайыт жерлерин башкарууну жана пайдалануу боюнча аткарыла турган баардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго тапшырылсын.
Төрага | Т.Жумамудун уулу |