Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-октябры № 9/38
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча жергиликтүү салык пландарынын аткарылышы жөнүндө
Жергиликтүү салык пландарынын 2017-жылдын тогуз айлыгынын аткарылышы боюнча баардык салыктардын түрлөрү боюнча план 1151,6 миң сом, аткарылганы 923,8 миң сомго же 80,0% аткарылгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис А. Майлыбашованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү салык пландарынын 2017-жылдын тогуз айлыгынын аткарылышы боюнча киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис А.Майлыбашов атарабынан жетиштүү деңгээлде иш алып барбагандыгы белгиленсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда план тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановго тапшырылсын.
3. Салык чогултууда киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адиске көмөк көрсөтүү чогултула турган каражатты муниципалдык кызматчылар менен биргелешип иш жүргүзүү менен салык төлөөчүлөр менен такай байланышта болуп системалуу иш жүргүзүү айыл өкмөтүнүн киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис А. Майлыбашовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
Төрага | Т.Жумамудун уулу |