Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 12-октябры № 9/39
Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жүргүзүп жаткан айыл өкмөтүнүн иштеринин билдирүүсүн угуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү»
Кыргыз Республикасынын «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, мамлекеттик каттоо жөнүндөгү» мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Иманкулованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жүргүзүп жаткан айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Иманкулованын маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды аткарып айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлктөрдү сапаттуу пайдаланышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Жумамудун уулу |