Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 30-ноябры № 10/43
Ак-Таш участогунан «Доломит» жоопкерчилиги чектелген коомуна жер берүү жөнүндө
«Доломит» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси К. Сапаевдин Ак-Таш мрамор карьеринен азыркы учурда иштетип жаткан карьерге улай 0,82 га жер тилкесин кийинки иштерди кеңейтип жакшылап иштеш үчүн мыйзамдаштырып берүү жөнүндө 2017-жылдын 10-ноябрдагы № 23 каты жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Доломит» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ак-Таш мрамор карьеринен азыркы учурда иштеп жаткан карьерге улай 0,82 га жер тилкесин берүүгө макулдук берилсин. 2.
2. «Доломит» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ак-Таш мрамор карьеринен жер тилкесин жеринде мыйзам чегинде чектеп берүү айыл өкмөтүнүн жер, турак- жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К.Иманкуловага милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Жумамудун уулу |