Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 30-ноябры № 10/44
«Доломит» жоопкерчилиги чектелген коомунан түшкөн акча каражатын айылдарга түнкү жарык койдурууга пайдалануу үчүн макулдук берүү жөнүндө
«Доломит» жоопкерчилиги чектелген коомунан түшкөн 100500 сом акча каражатын айылдарга түнкү жарык койдурууга пайдалануу жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Доломит» жоопкерчилиги чектелген коомунан түшкөн 100500 сомдун РЭСтен тех. Условия алууга (Ак-Кыя, Сары-Булак айылдарына) 21500 сому, прожекторлорду орнотуп провод зымдарын тартууга услугага 32000 сому, провод алууга 27000 сому, стальной зымга 15000 сому, кум тартууга 5000 сому пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Жумамудун уулу |