Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 30-ноябры № 10/45
Айылдын аттуулдарын сыйлоо жана Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамына сунуш берүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 11-бөлүгүнүн 11.5 бөлүкчөсүнө ылайык айыл аймагындагы медицина кызматкерлерин, мугалимдерди сыйлоо жана Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына сунуш берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын төрагасы Т.Жумамүдүн уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Медицина кызматында калктын саламаттыгын сактоодогу көп жылдык үзүрүлүү эмгектери үчүн төмөндөгү атуулдар «Айылдын мыкты медайым» төш белгиси менен Сары-Булак айылынын тургуну пенсионер Ү.Амангелдиева, Ак-Кыя айылынын тургундары пенсионер Ч.Э. Макелеева жана К.Соодаев атындагы Ак-Кыя айылдык үйбүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымы С.К.Аймановалар сыйлансын.
2. Мугалимдик ишиндеги жетишкендиги жана кесипкөй мамлеси, жогорку жоокерчилиги үчүн төмөндөгү атуулдар «айылдын мыкты мугалими» төш белгиси менен Ү.Бейшеев орто мектебинин мугалими Н.И. Сейитова жана Шамен орто мектебинин мугалими Ы.К.Дүйшеева сыйлансын.
3. Сары-Булак айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылынын тургуну Тентимишов Жумамүдүнгө Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамына татыктуу экендиги белгиленсин. 4.Ак-Кыя айылынын тургуну Тентимишов Жумамүдүнгө Кочкор районунун «Ардактуу атуул» наамын берүү жагы Кочкор районун жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынына сунушталсын
Төрага | Т.Жумамудун уулу |