Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 21-декабры № 11/50
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин маалыматын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 46-беренесинин 3- бөлүгүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы социалдыкэкономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышы жөнүндө Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын. (тиркеме тиркелет)
2. 2017-2018-жылдын социалдык экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгып, кезектеги сессияга бекиттирүү менен аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовготапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Жумамудун уулу |