Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 11/51
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата иш планын долбоорун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата иш планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Иш планга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К. Элтуйбасовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Жумамудун уулу |